
Шелухина Нинель Петровна (1929),
техникалык илимдердин доктору (1986), профессор (1991)
Орус. Ворошиловград облусунун Новый Айдар айылында туулган.
Ленинград текстиль институтун (1951) аяктаган.
Фабрикада химик-инженер болуп иштеген, жаш, улук илимий кызматкер, лабораториянын жетекчиси, 1991-жылдан баштап - Кыргыз ССР ИОХнын башкы илимий кызматкери.
Пектин заттарынын химиясы жана технологиясы боюнча адис.
130дан ашык илимий эмгектери, анын ичинде 7 монография, 34 автордук күбөлүк жана патенттери жарык көргөн.
Анын жетекчилиги астында 6 кандидаттык диссертация корголгон.
Негизги эмгектери:
1. Пектин технологиясынын илимий негиздери. Фрунзе, «Илим», 1988.
2. Пектин жана анын алынуу параметрлери (автордук биргелешип). Фрунзе, «Илим», 1987.
3. Галактурон кислотасы, анын алынуу жана аныктоо ыкмалары (автордук биргелешип). Фрунзе, «Илим», 1972.