Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Энгельшт Владимир Семенович

Энгельшт Владимир Семенович

Энгельшт Владимир Семенович

Энгельшт Владимир Семенович (1931),


физика-математика илигинин доктору (1978), профессор (1980), КРнын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1992)

Немис. Фрунзе шаарында төрөлгөн.

КГУнун (1954) жана аспирантурасын ошол жерде (1960) аяктаган.

КГУда ассистент, улук окутуучу, илимий кызматкер, ИФ НАН КР лабораториясынын жетекчиси, 1999-жылдан тартып ИГУнун кафедрасынын жетекчиси болуп иштеген. Төмөн температурадагы плазма жана атомдук спектроскопия боюнча адис. ИА КРнын академиги (1999).

300дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинде 12 монография, 50 автордук күбөлүк жана патенттер жарыяланган.

Анын жетекчилиги астында 4 доктордук жана 22 кандидаттык диссертация корголгон.

Негизги эмгектери:

1. Эки струйлуу плазматрон (авторлоштукта). Фрунзе, «Илим», 1983.
2. Плазманын оптикалык диагностикасы (авторлоштукта). Фрунзе, «Илим», 1987.
3. Электр дугунун теориясы (авторлоштукта). Новосибирск, «Наука», СО АН СССР, 1990.
4. Магниттик талаадагы күчтүү дуговой разряд (авторлоштукта). Новосибирск, «Наука», 1992.
5. Four-nozzle plasma generator for forming an activatet jet. Европалык патент EP 0861575 B1, 2000.
3-01-2019, 17:10
Вернуться назад