
Юдахин Константин Кузьмич (1890-1975),
филология илигинин доктору (1949), профессор (1970), Кыргыз ССРнин илимдер академиясынын академиги (1954), СССРдин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты
Орус.
САГУну (1925) аяктаган.
Ленинград, Москвадагы Чыгыш таануу институттарында, түрк алфавитин түзүү боюнча борбордук бюродо, Кыргыз тили секторунун жетекчиси ИЯЛИ КирФАН СССР, тил жана сөздүктөр секторунун жетекчиси, ИЯЛ Кыргыз ССРнин академиясында сөздүктөр жана терминология секторунда улук илимий кызматкер, КГУнун кыргыз тили кафедрасында профессор болуп иштеген.
Түрк лексикологиясы, тил таануу тармагында адис.
Ленин ордени, Эмгектин Кызыл Туу ордени, Ардак Белги, СССРдин медалдары менен сыйланган.
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ишмери (1940).
Анын жетекчилиги астында 10 кандидаттык диссертация корголоо алган.
Негизги эмгектери:
1. Узбек-орус сөздүгү (1927).
2. Уйгур-орус сөздүгү (1928).
3. Кыргыз-орус сөздүгү (1940, 1965).
4. Орус-кыргыз сөздүгү (1944, 1959).