
Бакиров Насипбек Бакирович (1936),
география боюнча илимдердин кандидаты (1974), профессор (2002), илим жана техника тармагында КРнын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2000)
Кыргыз. Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Башат айылында туулган.
КГУнун (1958) жана Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын аспирантурасын (1963) аяктаган.
Окуу жайында мугалим, улук мугалим, доцент, профессор болуп иштеген, 1980-жылдан тарта Ж.Баласагын атындагы КНУнун кафедра башчысы.
Экономикалык жана социалдык география боюнча адис.
КРнын медалы жана грамотасы менен сыйланган.
150дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинде 4 монография, 4 окуу китеби, 2 сөздүк жарыяланган.
Анын жетекчилиги астында 1 кандидаттык диссертация корголгон.
Негизги эмгектери:
1. Кыргызстандын бийик тоолуу өрөөндөрүнүн географиясы. Нарын облусу. Фрунзе, «Мектеп», 1972.
2. Чүй өрөөнү. Бишкек, «Илим», 1995.
3. Кыргыз Республикасынын географиясы (авторлоштук менен). 8-9-класстар үчүн окуу китеби (кыргыз, өзбек, орус тилдеринде). Бишкек, «Мектеп», 1998.
4. Дүйнөнүн экономикалык жана социалдык географиясы. Бишкек, «Шам», 1999.
5. Физикалык география (авторлоштук менен). 6-класс үчүн окуу китеби. Бишкек, «Педагогика», 2002.