
Давлятов Улукбек Рыскулович (1960),
техникалык илимдердин доктору (2002)
Кыргыз. Ош облусунун Узген районундагы Красный Маяк айылында төрөлгөн.
Москва автомобиль-жол институтун (1984) жана ошол жерде аспирантураны (1992) аяктаган.
Окутуучу, кечки-заочный факультеттин деканынын орун басары, доцент, заочный факультеттин деканы, 1999-жылдан тарта И. Раззаков атындагы КТУнун Дистанциялык билим берүү борборунун директору болуп иштеген.
Автомобиль транспортуна эксплуатациялоо боюнча адис.
40тан ашык илимий эмгектери, анын ичинде 1 монографиясы жарыяланган.
Негизги эмгектери:
1. Кыргыз Республикасындагы айыл чарбасында автомобильдик кыймылдын эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана эксплуатациялык көрсөткүчтөрдү негиздөө. Бишкек, 2000.
2. Айыл чарба жүктөрүн ташууда автотранспорт каражаттарынын техникалык ылдамдыгын изилдөө. //Москва логистикалык форумунун материалдары. Москва, 2000.
3. Орток Азия өлкөлөрүндө автотранспорт кызматтары рыногун жакшыртуу жана өнүктүрүү жолдору. //Илим жана жаңы технологиялар, №3. Бишкек, 2000.
4. Тоолуу шарттарда дөңгөлөктүү машиналардын өтүүчүлүгүн аныктоо методуна. //Илим жана жаңы технологиялар, №2. Бишкек, 2001. б. 140-144.
5. Тоолуу шарттарда дөңгөлөктүү машиналардын берилиш санынын оптимизациясы. //Эл аралык илимий-техникалык конференция. «Билим берүү, илим жана өндүрүштөгү заманбап технологиялар: Адаптация жана киргизүү тажрыйбасы». Бишкек, 2001. б. 58-67.