
Осмонов Абдырай (1937),
география боюнча илимдердин кандидаты (1974), профессор (2002), Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2000)
Кыргыз. Чүй облусунун Московский районундагы Ак-Башат айылында туулган.
КГУнун география факультетин (1960) жана ошол жерде аспирантураны (1967) аяктаган.
Окутуучу, улук окутуучу, доцент, декан, кафедра башчысы болуп иштеген, 1994-жылдан тартып Ж.Баласагын атындагы КНУда профессор.
География жана экология боюнча адис.
90дан ашык илимий эмгектери жарыяланган, анын ичинде 2 монография, 2 окуу китеби, 3 окуу куралы.
Негизги эмгектери:
1. Агын суулардын гидрологиясы. Жогорку окуу жайлары үчүн окуу куралы. Бишкек, КГНУ, 1995.
2. Азыркы мөңгүлөрдүн өзгөчөлүктөрү жана Кыргыз Ала-Too мөңгүлөрүнүн динамикасы (автордук өнөктөштүктө). Бишкек, «Илим», 1995.
3. Кыргыз Республикасынын географиясы (автордук өнөктөштүктө). 8-9-класстар үчүн окуу китеби (кыргыз, өзбек, орус тилдеринде). Бишкек, «Мектеп», 1998.
4. Географияга кириш. Окуу куралы. Бишкек, «Полиглот», 1998.
5. Геоэкологиянын негиздери. 11-класс үчүн окуу китеби. Бишкек, «Шам», 1999.