Поэт Маркабай Ааматов
Кыргызстандын жазуучулары

Поэт Маркабай Ааматов

Поэт М. Ааматов Ош облусунун Совет районундагы Лай-Талаа айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1970-жылы «Кызыл-Джол» орто мектебин, ал эми 1976-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетин аяктаган. Андан кийин бир жыл Ош облустук «Ленин жолу» газетасында котормочу болуп иштеген. 1978-1980-жылдары облустук телевидение жана радиоберүү комитетинин өзүнүн кабарчысы болуп, андан кийин Кыргыз ССРинин Гостелерадио борбордук редакциясында редактор болуп иштейт.

23.11.2014, 21:41