Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Прозаик Евгений Ковский

Прозаик Евгений Ковский

Прозаик Евгений Ковский


Прозаик Е. Ковский мурдагы Каменец-Подольск губерниясындагы Ольгополь шаарында жергиликтүү оорукананын көзөмөлчүсүнүн үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Каменец-Подольск гимназиясын аяктагандан кийин билим алууну Одессада улантат. 1920-жылы Украинада Советтер бийлиги орногондон кийин Одесса политехникалык институтуна кирет, бирок аны аяктабай калат.
1918-жылдан тартып студенттик коргоо батальонунда кызмат кылган. 1919-жылы ыктыярчы болуп Кызыл Армиянын катарына кирет, махновчулар менен болгон жоодо оор жаракат алат, продразверсткада активдүү катышып, жүктөө пункттарын жетектейт.
1925-жылдан баштап китептерди таратуучу, камсыздандыруу агенттиги болуп иштейт. Ошол жылдары адабиятта өз күчүн сынап көрөт. Алгачкы басылмалары 1926—1927-жылдары «Комсомольская правда» жана одесса адабий альманахтарында жарык көрөт.
1929-жылдан тартып Москвада жашап, «Лесная промышленность», «Известия», «Московские новости» гезиттеринде кызматташат, ал эми 1941-жылы «Медицинский работник» гезитинин корреспонденти катары Фрунзеге жөнөтүлгөн (азыркы «Медицинская газета»). Алгачкы баяндоолор жыйнагы «Сад мира» 1955-жылы жарык көргөн. Көптөгөн баяндоолор, повесттер, «Брат на брата» романы, очерктер, эскерүүлөрдүн автору. К. Баялиновдун «Братство» романын, К. Джантошевдин баяндоолорун жана башка чыгармаларды кыргыз тилине которгон.
1948-жылдан баштап СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
1941—1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта «Эрдиктүү эмгеги үчүн» жана «Эрдиктүү эмгеги үчүн. В. И. Лениндин туулган күнүнө 100 жыл толуусу менен» медалдары менен сыйланган.

АЙРЫМ БАШЫЛГАНДАР

орус тилинде
Сад мира: Повесть. — Ф.: Киргизучпедгиз, 1955. — 167 б.
Светлые дали: Рассказы. — Ф.: Киргизгосиздат, 1961.— 183 б.
Они рядом с Вами: Очерки.— Ф.: Киргизгосиздат, 1962. — 154 б.
У истока дорог: Повесть и рассказы. — Ф.: Мектеп, 1964.— 174 б.
Брат на брата: Роман. — Ф.: Кыргызстан, 1969. — 247 б.
Брат на брата: Роман. — Ф.: Кыргызстан, 1974. — 488 б.
Брат на брата: Роман. — Ф.: Кыргызстан, 1975.— 180 б.
Страницы жизни: Воспоминания, рассказы, очерки, драматургия. Ф.: Кыргызстан, 1979.—256 б.

КOTОРМОЛОР

Баялинов К. Братство: Трилогия. — Ф.: Кыргызстан, 1965. —298 б.
6-09-2015, 22:28
Вернуться назад