Поэт С. Куручбеков Фрунзе шаарында кызматкердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн.
1974-жылы Фрунзе шаарындагы № 26 орто мектепти, 1980-жылы КГУнун 50 жылдыгына арналган филология факультетинин орус бөлүмүн аяктаган.
Эмгек биографиясын заводдо жумушчу болуп баштаган. 1980-жылдан тартып «Кыргызстан» басмаканасында кичи редактор, редактор болуп иштеген, 1986-жылдан бери «Литературный Киргизстан» журналында прозанын редактору болуп иштейт.
Орус тилинде жазат. 1976-жылдан бери жарыяланат. Алгачкы поэтикалык жыйнагы «Мелодии арчи» 1983-жылы басылып чыккан. Бул китеп 1985-жылы А. М. Горький атындагы бүткүл союздук адабий сыйлыкка ээ болгон. Ал Т. Уметалиев, О. Султанов, А. Токтомушев ж.б. чыгармаларын орус тилине которгон.
1986-жылдан бери СССР Жазуучулар Союзунун мүчөсү.
АЙРЫМ БАСМАЛАРорус тилиндеМелодии арчи: Стихотворения и поэма. — Ф.: Кыргызстан, 1983.— 51 б.