Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Прозаик Токтобай Мулкубатов

Прозаик Токтобай Мулкубатов

Прозаик Токтобай Мулкубатов


Прозаик Т. Мулкубатов Ош облусунун Токтогул районундагы Кызыл-Суу айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1966-жылы Куйбышев атындагы орто мектепти, 1974-жылы СССРдин 50 жылдыгына арналган КГУнун тарых факультетин аяктаган.
Эмгек биографиясын 1966-жылы Токтогул ПМКда жыгач устачы болуп баштаган, бир мезгилде райондук «Учкун» газетасына кызматташкан. 1974-жылдан баштап корреспондент болуп иштеген, 1981-1985-жылдары «Советтик Кыргызстан» газетасында бөлүм башчы, 1977-1981-жылдары «Ленинчил жаш» газетасында орун басар редактор, 1985-жылдан баштап Кыргыз ССРинин Мамлекеттик басма сөз комитетинин чыгармачылык издаты башкармалыгынын начальниги болуп иштеген. 1986-жылдан бери Кыргызстандын Жазуучулар союзунун жаштар менен иштөө боюнча литконсультанты болуп эмгектенүүдө.
1967-жылдан бери басылып келет. Эки жыйнак повесттер жана новеллалардын автору. Тарых жана кыргыз элдин маданияты, азыркы учурдагы актуалдуу маселелер боюнча очерктер, публицистикалык макалалар менен басма сөз беттеринде үзгүлтүксүз чыгып турат.
1970-жылдан КПССтин мүчөсү, 1987-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

БАШКА БАСМАЛАР

кыргыз тилинде
Биз эрте жетилдик: Новеллалар. — Ф.: Мектеп, 1978. — 39 б. Биз эрте чоңойдук.
Ат жалын тарткандар: Повесттер, аңгемелер. —Ф.: Кыргызстан, 1981,— 176 б. Жаштар.
14-09-2015, 01:14
Вернуться назад