Аудармачы К. Саякбаев азыркы Ак-Суй районунун Тегизчил айылында кедей дыйкан үй-бүлөсүндө төрөлгөн.
1940-жылы Фрунзе медициналык техникумду, 1954-жылы КГУнун филология факультетин аяктаган.
Эмгек жолун 1940-жылы Талас облусунун Ленинпол районунда фельдшер болуп баштаган, андан кийин Ала-Букин райондук аскер комиссариатында иштеген. 1944-жылдан баштап журналистикага өтүп, 1946-жылга чейин «Кызыл Кыргызстан» газетасында адабий кызматкер болуп иштеген, 1948-жылдан тартып Кыргыз ССР радиокомитетинин башкы редактору, 1957-жылдан «Кыргызстан» басмаканасынын редактору, башкы редактору, 1967-жылдан «Ала-Тоо» журналынын жооптуу катчысы болуп иштеген.
1981-жылдан бери чыгармачылык ишмердүүлүк менен алектенүүдө.
1948-жылдан тартып басылып чыгат. Жазуучунун алгачкы басылмалары балдар үчүн оригиналдуу чыгармалар болгон.
1950-жылдан тартып аудармачы катары чыгышкан. Ал орус жана чет элдик классиктердин, совет адабиятынын чыгармаларын которгон, алардын арасында Л. Толстойдун «Анна Каренинасы», А. С. Пушкиндин «Дубровскийи», И. Гончаровдун «Обломовун», Ю. Фучиктин «Кыргызстан жөнүндө очерктерин», К. Фединин «Шаарлар жана жылдарын», А. Толстогонун «Инженер Гариндин гиперболоидун» жана башкаларды өзгөчө белгилеп кетүү керек.
1967-жылдан бери СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, 1958-жылдан бери СССР Журналисттер союзунун мүчөсү.
«Эрдиктүү эмгеги үчүн. В. И. Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата» медалы, Ардак грамотасы жана Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Грамотасы менен сыйланган.
АУДАРМАЛАР
Носов Н. Витя Малеев мектепте жана үйдө: Повесть. — Ф.: Киргизучпедгиз, 1954. — 232 б.
Брудный Д. Актердин жолу. —Ф.: Киргизгоснздат, 1959. —55 б.
Дервильи. Тарых алдындагы бала: Повесть. Ф.: Киргизучпедгиз, 1959. — 106 б.
Гончаров И. А. Обломов: Роман 4 бөлүктөн. —Ф.: Киргизгосиздат, 1960. —624 б.
Залка Матэ. Туулган жеринде: Окуялар жыйнагы. — Ф.: Киргизгосиздат, 1960. — 120 б.
Чехов А. П. Кара монах: Повесть. —Ф.: Киргизгосиздат, 1960.— 32 б.
Гончаров И. А. Обрыв: Роман 5 бөлүктөн. —Ф.: Киргизгосиздат, 1963. — 782 б.
Федин К. А. Эпостолдук жай: Роман. — Ф.: Кыргызстан, 1965. —783 б.
Федин К. А. Костер: Роман. —Ф.: Кыргызстан, 1968. —456 б.
Фрзерман Р. И. Дикая собака Динго же биринчи сүйүү жөнүндө повесть. — Ф.: Мектеп, 1971. — 133 б.
Марков Г. Хинган үстүндөгү бүркүттөр: Повесть. — Ф.: Кыргызстан, 1972.—304 б.
Белов В. Дыйкандык повесттер. —Ф.: Кыргызстан, 1973. — 160 б.
Борзунов С. Алгачкы чабуул эмес: Повесть. — Ф.: Мектеп, 1974. —82 б.
Куприн А. И. Ак пудель: Окуялар. —Ф.: Мектеп, 1974. — 132 б.
Добролюбов Н. А. Обломовщина эмне?: Критикалык макалалар.— Ф.: Кыргызстан, 1976. —58 б.
Федин К. А. Шаарлар жана жылдар: Роман. —Ф.: Кыргызстан, 1977,— 440 б.
Гончар О. Циклон: Роман. —Ф.: Кыргызстан, 1978. —300 б.
Троепольский Г. Н. Ак Бим — Кара кулак: Повесть. —Ф.: Мектеп, 1978. — 262 б.
Толстой Л. Н. Анна Каренина: Т. 2.— Ф.: Кыргызстан, 1980. — 448 б.
Цвигун С. Биз кайтып келебиз: Роман. —Ф.: Кыргызстан, 1980. —384 б.
Африка элдеринин эртегилери. —Ф.: Мектеп, 1982. —328 б.
Пушкин А. С. Дубровский: Роман. — Ф.: Мектеп, 1983. — 96 б.
Цвигун С. Ураган: Документалдык роман. — Ф.: Кыргызстан, 1984. —351 б.
Абрамов А. И., Абрамов С. А. Күмүш вариант: Фантастикалык роман жана повесть. —Ф.: Мектеп, 1985. —240 б.
Сальников А. Алтын тереңдиктер. —Ф.: Кыргызстан, 1985. —431 б.
Толстой А. Н. Инженер Гариндин гиперболоиду: Роман. —Ф.: Мектеп, 1986. —276 б.