Поэт, критик, литературовед О. Сооронов 1936-жылы Ош облусунун Базар-Курган районундагы Гологон айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1957-жылы Базар-Курган айылындагы № 1 орто мектепти аяктаган, 1967-жылы КГУнун филология факультетин бүтүргөн.
Эмгек биографиясын 1957-жылы Базар-Курган типографиясында наборщик болуп баштаган, 1959-жылдан тартып орто мектепте улук пионервожатый болуп иштеген.
1959-1962-жылдар аралыгында Советтик Армияда кызмат кылган. 1967-жылы А. С. Пушкин атындагы Жалал-Абад педагогикалык училищесине мугалим болуп жиберилген.
1969-1979-жылдар жана 1981-жылдан бери Кыргыз ССР Илимдер академиясынын ИЯЛинде кичи илимий кызматкер болуп иштейт, 1979-1981-жылдар аралыгында «Кыргызстан» басмаканасында оригиналдуу көркөм адабият бөлүмүнүн башчысы болуп кызмат кылган.
1954-жылдан бери басылып келет. Творческий жолун акын катары баштаган. Биринчи поэтикалык жыйнагы «Тоолорумдун зыйнаты» 1971-жылы жарык көргөн. Алтын поэтикалык жыйнагы, эки монографиясы, адабий-критикалык макалалар жыйнагы жана башка чыгармалары бар.
1964-жылдан бери КПССтин мүчөсү, 1980-жылдан бери СССРдин СП мүчөсү.
АЙРЫКЧА ЖАРЫЯЛАРкыргыз тилинде:Тоолорумдун зыйнаты: Поэмалар жана ырлар. — Ф.: Мектеп, 1971.—48 б. Поклон моим горам.
Жуз: Ырлар жана поэмалар. —Ф.: Мектеп, 1976. —48 б. Сто.
Жараат сыры: Ырлар жана поэмалар. — Ф.: Мектеп, 1977. —90 б. Тайна раны.
Тазалыкка чакырам: Ырлар жана поэмалар. — Ф.: Мектеп, 1979.— 76 б. Призываю к честности.
Мезгил жана талап: Адабий-сын макалалар. — Ф.: Кыргызстан, 1981.— 144 б. Время и искания.
Согуш темасындагы кыргыз поэмаларынын сюжеттик мотивдери. — Ф.: Илим, 1982. —88 б. Сюжетные мотивы киргизских поэм на военные темы.
Ырларым менин — сырларым: Ырлар жана поэмалар. —Ф.: Кыргызстан, 1983. —88 б. Тайна моя в стихах.
Аруу дуйне: Ырлар жана поэмалар. — Ф.: Кыргызстан, 1985. — 104 б. Мир прекрасен.