Поэт С. Тургунбаев Ош облусунун Базар-Курган районундагы Беш-Кадам айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1959-жылы Базар-Курган айылындагы орто мектепти, 1964-жылы КГУнун филология факультетин аяктаган.
Эмгек биографиясын 1964-жылы Алай районундагы орто мектепте өзүнүн тили жана адабияты боюнча мугалим болуп баштаган. 1966-жылдан баштап Кыргыз ССРинин ИЯЛ АНында кичи илимий кызматкер болуп иштеген, 1970-1984-жылдары «Кыргызстан маданияты» гезитинин редакциясында бөлүм башчы болуп, 1986-1988-жылдары Кыргызстандын СПсынын сын боюнча литконсультанты болуп иштеген.
1960-жылдан бери жарыяланууда. Алгачкы поэтикалык жыйнагы «Бизде баары суйлейт» (1966-жылы чыккан). Ал бир нече ыр жыйнактарынын, поэмалардын, адабий-критикалык макалалардын, В. Маяковский, М. Ю. Лермонтов, И. Чавчавадзе, Я-Шивазы, монгол эл поэзиясы жана башка чыгармаларды кыргыз тилине которуунун автору.
1979-жылдан бери СССРдин СПсынын мүчөсү.
АЙРЫМ ЖАРЫЯЛАРкыргыз тилинде:Бизде баары суйлейт: Ырлар. —Ф.: Мектеп, 1966. — 16 б. У нас все говорят.
Салам, жаш емур: Ырлар. —Ф.: Кыргызстан, 1967. —54 б. Привет тебе, молодая жизнь.
Кечки троллейбус: Ырлар. —Ф.: Мектеп, 1969. —60 б. Вечерний троллейбус.
Замандаштын дуйнесу: Сын макалалар. — Ф.: Кыргызстан, 1978. - 90 б. Мир современника.
Жарыктын ыры: Ырлар жана поэмадан фрагменттер. — Ф.: Кыргызстан, 1979. —76 б. Песня, света.
Эки аска: Ырлар жана поэмалар. —Ф.: Кыргызстан, 1982. — 100 б. Две скалы.
Касиет: Ырлар жана поэма. — Ф.: Кыргызстан, 1985. — 135 б. Святость.
орус тилинде:Новый день: Стихи, поэмы. —Ф.: Кыргызстан, 1987. --112 с.
КОТОРУЛГАН ЧЫГАРМАЛАРПесня аратов: Монгольские народные стихи. — Ф.: Кыргызстан, 1979.— 124 с.
Маяковский В. Кем быть? — Ф.: Мектеп, 1986. — 32 с.