Критик, адабий таануучу А. Эркебаев Ош облусунун Алай районундагы Кара-Тейит айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Эрте ата-энесинен ажырап, интернатта тарбияланган. 1970-жылы Кара-Мык айылындагы В. И. Ленин атындагы орто мектепти, 1975-жылы КГУнун 50 жылдыгына арналган филология факультетин, 1981-жылы ИМЛИ АН СССРдин аспирантурасын аяктаган. Филология илимдеринин кандидаты (1983-жыл).
Эмгек биографиясын Кыргыз ССРинин ЛКСМ борбордук комитетинин пропаганда жана маданий иштер бөлүмүнүн лектору болуп баштаган. 1982-1985 жана 1987-1988-жылдары В. В. Маяковский атындагы КЖПИнин орус жана чет элдик адабият кафедрасында улук окутуучу болуп иштеген, 1985-1987-жылдары «Кыргызстан маданияты» газетасынын башкы редакторунун орун басары, ал эми 1988-жылдан тартып Кыргыз ССРинин ИЯЛинин директору болуп келет.
1972-жылдан баштап басылып келет. Жазуучунун биринчи китеби 1980-жылы жарык көргөн «Азыркы учур жана кыргыз поэзиясы» («Современность и киргизская поэзия») адабий-критикалык макалалар жыйнагы болуп саналат. Ал үч китептин, жетимиштен ашуун адабий-критикалык жана адабий таануу макалаларынын, рецензияларынын автору. Критиктин айрым эмгектери борбордук басма сөздө жарыяланган.
1983-жылы А. Эркебаев «Современность и киргизская поэзия» китеби үчүн республиканын Лениндик комсомол сыйлыгына ээ болгон.
1983-жылдан бери КПССтин мүчөсү, 1980-жылдан бери СССРдин СП мүчөсү.
АЙРЫМ ЖАРЫЯЛАРкыргыз тилинде:Азыркы учур жана кыргыз поэзиясы: Адабий-сын макалалар. — Ф.: Кыргызстан, 1980. — 140 б. Современность и киргизская поэзия.
Кыргыз прозасынын котгвасттары: Сын макалалар. — Ф.: Кыргызстан, 1983. — 140 б Контрасты киргизской прозы.
Сын-сынчылар: Макалалар, портреттер, пикирлер. — Ф.: Кыргызстан, 1986. — 160 б Критика и критики.