Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Шабдан Джантаевга Войсковой Старшина наамын берүү жана аны алтын сааттар менен биринчи разряддагы ардактуу халат менен сыйлоо тууралуу күбөлүк

Шабдан Джантаевга Войсковой Старшина наамын берүү жана аны алтын сааттар менен биринчи разряддагы ардактуу халат менен сыйлоо тууралуу күбөлүк

Шабдан Джантаевга Войскового Старшины чинин ыйгаруу жана алтын сааттар менен биринчи разряддагы ардак халат менен сыйлоо жөнүндө күбөлүк

г. Санкт-Петербург 24-декабрь 1883-жыл.

Башкы Штаб бул күбөлүктү тастыктайт, Кыргыз Манап Шабдан Джантаевге 1883-жылдын 14-майында Войскового Старшины чини ыйгарылган, алтын саат жана ошол эле тизмедеги чынжыр менен биринчи разряддагы ардак халат берилген.

Санкт-Петербург "24" декабрь 1883-жыл.

Башкы Штабдын жардамчысы, Анын Улуулугуна Тиешелүү Жогорку Топтун Генерал-майору [кол тамга]
Азият бөлүмүн башкаруучу, Полковник Иванов Ушул жерден Башкы Штабдын мөөрү

Шабдан баатырынын урпактарынын үй-бүлөлүк архиви.. Оригинал.

ШАБДАН БААТЫР
26-09-2022, 18:23
Вернуться назад