Жаңы Конституциянын кабыл алынышы
Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин мамлекеттик түзүлүштү жаңылоого киришти. Өлкөдө бийлик кандай принциптерге негизделип иш алып барылары, президенттин жана мамлекеттик бийликтин негизги тармактары — аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бийлигинин ыйгарым укуктары кандай болору сыяктуу маанилүү маселелерди тез арада чечүү зарыл болду; мамлекеттик символдорду — герб, гимн, желек түзүү керек болду. Жаңы мыйзамдар жаш мамлекеттин ишмердүүлүгүн жөнгө салуу жана анын мындан аркы өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн керек болчу. Жумуштар көп болчу.
Жаңы Конституциянын кабыл алынышы. 5-май күнү биздин календарда кызыл түскө белгиленген. Бул күн — биздин суверендүү мамлекеттин Конституциясынын күнү, майрамы. Дүйнөнүн көпчүлүк мамлекеттеринде өз конституциясы бар. Ал өлкө жөнүндө маалыматтарды — аталышын, мүнөздөмөсүн, жарандардын, президенттин, парламенттин, өкмөттүн, сот системасынын укуктарын жана милдеттерин камтыган паспорт сыяктуу. Башкача айтканда, Конституция — биздин мамлекеттин жүзү.
Мындай мамлекеттик жашоонун эрежелерин жазууга көп убакыт талап кылынды. 1990-жылдын октябрь айында, А. Акаев президент болуп шайланган кезде, ал жаңы конституцияны иштеп чыгуу зарылдыгын билдирди. Бул үчүн конституциялык комиссия түзүлдү, анын жетекчиси өзү президент болду. Комиссиянын эки жылдык ишинин натыйжасында конституциянын долбоору даярдалды. Андан соң ал элдик талкууга коюлду. Миңдеген адамдар, алардын арасында мектеп окуучулары да бар, өз сунуштарын жөнөтүштү. Адамдардын пикирлерин, сунуштарын, каалоолорун эске алуу менен толукталган конституциянын долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталды.
1993-жылдын 5-майында Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынды. Ал кыргыз суверендүү демократиялык мамлекетинин Негизги мыйзамы болуп саналат. Бул Конституцияда жазылган бардык нерселерди өлкөнүн жарандары аткарышы керек дегенди билдирет. Мекенге болгон бул ыйык милдетти аткаруу — ар бирибиздин анын гүлдөп-өсүшүнө кошкон салымыбыз.