XIX кылымдын ортосуна чейин кыргыз эли Коканд хандыгынын бийлигинде болду. Коканд хандары кыргыз феодалдарынын уруулар аралык уруштарын колдоп, кыргыздарды саясий жана аскердик жактан алсыратууну көздөшкөн; Цин Кытайы кыргыз жерлери үстүндөгү үстөмдүгүн таанууну талап кылган; коңшу казак, өзбек феодалдарынын аскердик чабуулдары жана коркунучтары - бул бардык жагдайлар кыргыздарды Россияга багыт алууга мажбурлаган. Россиялык капитализм жаңы рынокторду жана өнүгүп жаткан өнөр жайы үчүн арзан чийки зат булактарын ээлөөгө умтулган.
Кыргыздардын Россиянын жарандыгын кабыл алуусун тездеткен тарыхый окуялар төмөнкүлөр болду:
1) Коканд хандарынын бийлигинин алдында кыргыз элинин абалынын начарлашы жана натыйжада коканд хандыгына каршы курал көтөрүп чыгышы.
2) 1847-жылы Орто жүздүн казак султаны Кененсары Касымовдун кыргыз элине каршы согуш ачышы, Казакстанда хандык бийликти калыбына келтирүү жана өз бийлигине казактардын Улуу жүзүн жана Түндүк Кыргызстандагы кыргыздарды баш ийдирүү аракеттери.
3) Казактардын Россиянын жарандыгын кабыл алганы, бул кыргыздардын кийинки тарыхый өнүгүү жолун тандоосуна оң таасир этти.
4) Кыргыз феодалдарынын уруулар аралык талаш-тартыштары, айрыкча сарыбагыш жана бугу уруулары арасында.
5) XIX кылымдын экинчи жарымындагы кыйын шарттарда кыргыздардын аман калууга болгон аракеттери.
1785-жылдын жазында Атаке-бий элчи катары Россияга Абдурахман Кучаковду жана Шергазыны жиберген.