
Бурый же обыкновенный ушан (лат. Plecotus auritus)
— ушан тукумундагы, обыкновенный жарганаттар (Vespertilionidae) үй-бүлөсүнө кирген түр. Палеарктикадагы башка өкүлдөрүнөн ушандар абдан узун кулактары менен айырмаланат (узундугу колдун алдынан келгендей). Уйкуда жаткан жаныбарлардын кулактары артка жатып, канаттарынын астына жашырылган. Салмагы 12 граммдан ашпаган жана дене өлчөмү 5 см болгон ушандын кулактары кээде денесинен чоңураак болот. Ал эми оригиналдуу түстөрү менен мактана алышпайт: күңгүрт-күрөң жүнү абдан көрүнбөйт.Палеарктикада, Батыштагы Португалиядан Чыгыштагы Камчаткага, Түндүк Африка, Палестина, Иран жана Борбордук Кытайдан Түндүктөгү 60—62 градуска чейин, Евразиянын дээрлик бардык өлкөлөрүндө таралган.
Жазында ар кандай табигый (кыртыштын астындагы жардылар, дарактардын дупласы, үңкүрлөр) жана жасалма башпааналарда (чердак жана үйлөрдүн жардылары) күндүз жашайт, кечинде азык издеп чыгып кетет. Көп учурда жалбырактардын же бутактардын үстүндө отурган жәндиктерди же өрмөктөрдү кармап, азыгынын алдында абада токтоп, канаттарын ылдам кагып турушат.
Кышында табигый үңкүрлөрдө же жасалма жер астындагы курулуштарда кыштайт. Уяларында бир, сейрек болсо эки наристе туулат.
Кызыл китеп