Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Нефть жана газ

Нефть жана газ

Нефть жана газ


Нефть жана газ негизинен Фергана жазыгынын чегинде кездешет. Азыркы учурда жети нефть, төрт нефть-газ, эки газ жана бир нефть-газ конденсат кендери белгилүү. Запас боюнча бардык иштетилип жаткан кендер кичинекей.

Көпчүлүк нефть жана газ кендеринин өндүрүмдүүлүк коэффициенти төмөн, аларда көп суу бар.

Негизги кендер табигый режимде иштетилет, бирок өндүрүү көлөмү азайып жатат. Бардык иштетилип жаткан кендер кеч стадияда, кыйын алынуучу коллекторлордон нефть өндүрүү төмөндөп жатат, жаңы технологияларды колдонуу талап кылынат.

Нефть өндүрүү боюнча бардык иштер учурда 4 миң метр тереңдикте жүргүзүлүүдө. Адистердин пикири боюнча, 7 миң метр деңгээлде мурдагы скважиналарда жана башка жерлерде маанилүү нефть запасдары болушу мүмкүн. Тереңде жаткан палеозойдук жыныстарда нефть жана газ кендеринин болушу болжолдонууда.

2001-жылы канадалык Cadima Petroleum фирмасы менен биргеликте буроо иштерин жүргүзүү натыйжасында Майлуу-Суу нефть кенинин тоолуу бөлүгүндө ири нефть кени ачылган.
20-03-2014, 22:22
Вернуться назад