
Уч-Курган ГЭСи
— гидротехникалык курулуш, Нарын дарыясында, Уч-Курган шаарынан (Өзбекстандын Наманган облусу) 12 чакырым алыстыкта жана Уч-Курган — Таш-Кумыр темир жолунан 2 чакырым алыстыкта жайгашкан руслового типтеги гидроэлектр станциясы (ГЭС). Бул ГЭС курууга ыңгайлуу жерди биринчи жолу инженер Кузнецов 1913-жылы тандап алган.1958-жылдын 30-ноябрында Уч-Курган ГЭСинин имаратында бетон төшөө башталды.
1959-жылдын 27-январында Уч-Курган ГЭСинин курулушунда Нарын дарыясы жабылды.
1960-жылы Уч-Курган ГЭСинде биринчи гидроагрегаттын монтажы башталды.
1961-жылдын 3-4-октябрында Уч-Курган ГЭСинде канал жабылды. Суу сактагычы толтурула баштады.
1961-жылдын 30-декабрында Уч-Курган ГЭСинде 45 миң кВт кубаттуулуктагы биринчи гидроагрегат ишке кирди.
1962-жылдын майында Уч-Курган ГЭСинин суу сактагычы жогорку белгилерге чейин толтурулду.
1962-жылдын 3-июнунда Уч-Курган ГЭСинде 450 миң кВт кубаттуулуктагы экинчи гидроагрегат өндүрүштүк жүктөмгө өткөрүлдү.
1962-жылдын сентябрында Уч-Курган ГЭСинде 45 миң кВт кубаттуулуктагы үчүнчү гидроагрегат өндүрүштүк жүктөмгө өткөрүлдү.
1962-жылдын 5-ноябрында Уч-Курган ГЭСинде 45 миң кВт кубаттуулуктагы төртүнчү гидроагрегат иштей баштады.
1964-жылдын 24-июнунда мамлекеттик комиссия тарабынан Уч-Курган ГЭСи туруктуу пайдаланууга кабыл алынды.

Уч-Курган суу сактагычынын негизги көрсөткүчтөрү:
Суу сактагычынын толук көлөмү — 52,5 млн м³; Бетон гравитациялык дамба бийиктиги — 56 м; Дамбанын узундугу — 18 м; Эсептелген сейсмоустойчивдук — 9 балл;