 
        
        
       
        
        
       
        
        Талас облусу Кыргыз Республикасынын түндүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан. Ал 1944-жылдын 22-июнунда түзүлгөн. Облустун курамына 4 район (Талас, Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас), 1 шаар - Талас, 90 айыл, 35 айыл өкмөтү кирет. Түндүк-батышта Казакстан менен, батышта Өзбекстан менен, түштө Жалал-Абад облусу менен, чыгышта Чүй облусу менен чектешет. Аянты - 11,4 миң кв. км (республика аймагынын 5,7%), калкы - 199,9 миң (республика калкынын 4,1%).