
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши, Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына карата Республикалык аскер-патриоттук ырлар конкурсу өткөрөт. Ага республиканын бардык региондорунан катышуучулар катышат. Жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар, дипломдор жана грамоталар тапшырылат. Иш-чаранын максаты – окуучулардын патриоттук рухун жана мекенине болгон сүйүүсүн жогорулатуу.
Республикалык конкурс 25-марттан 28-мартка чейин Кыргыз Улуттук Консерваториясында (Бишкек ш.) өтөт. 27-мартта жыйынтыктоочу гала концерт өтөт.