Кыргызстанда, Lions Club Bishkek уюму тарабынан колдоого алынып, биринчи жолу республикалык деңгээлде Халыкаралык музыкалык конкурс "Lions - musikpreis" өткөрүлүүдө.
Конкурс 1992-жылдан бери өткөрүлүп келет, жыл сайын аспаптар алмашып, дүйнөнүн мыкты музыканттарын тартат. 2015-жылы кларнет классы боюнча өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынан мыкты катышуучуларга Европалык этапка "Lions - musikpreis" катышуу мүмкүнчүлүгү ачылат (квалификация деңгээлине ылайык).
2015-жылдын 5-апрелинде, саат 11:00дө Кыргыз Улуттук Консерваториясынын Кичи залында конкурс өткөрүлөт. Катышуучулар Бишкек шаарындагы музыкалык мектептердин жана Молдобасанов атындагы КНКнын окуучулары болот.
Жеңүүчүлөр дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланат. Сыйлык тапшыруу 11-апрелде, саат 16:00дө Бишкек шаардык Мэриясынын Симфониялык оркестринин Концертинде болот.
Конкурсту уюштургандарыбызга ыраазычылык билдиребиз:
- Кыргыз Республикасынын эл артисти, академик, профессор, Молдобасанов атындагы КНКнын ректору Бегалиев М.А.;
- Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген маданият кызматкери, профессор Шаршенбаев Э.Ш.;
- профессор Шалтакбаев Ч.Д.