2015-жылдын 10-12-апрелинде Юбилейный Х Бишкекский международный джаз фестиваль – «Джаз_Бишкек_Весна» өтөт.
Фестивалге Германия, Австрия, Швейцария, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстандан 11 топ катышат. Фестивалды белгилүү джаз сынчысы, музыка таануучу, Джаз.Ру журналынын башкы редактору, джаз тууралуу китептердин автору Кирилл Мошков (Москва) алып барат.
Фестивалдын девизи – «Музыка без границ». Биздин миссиябыз маданий кызматташуу аркылуу достук жана түшүнүшүү үчүн көпүрөлөр куруу. Джаз – музыканттардын эл аралык байланыш тили, ал жердин бардык бурчтарында жаралат, бул демократиялык музыка, эркин жана чыгармачыл адамдардын музыкасы.
Джаз фестивалынын уюштуруучусу «Центральная Азия - Арт Менеджмент» коомдук фонду (ОФ ЦААМ). Фестиваль Кристенсен фондунун (АКШ), Швейцария элчилигинин, Гёте-Институтунун, Австрия жана Германия элчиликтеринин колдоосу менен мүмкүн болду.
Джаз фестивалы өз форматы боюнча жалпы кабыл алынган стандарттарга жакын, концерттер жана иш-чаралар бир нече аянтчаларда параллелдүү өтөт. Юбилейный фестивалдын аянтчалары Кыргыз Республикасынын Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармониясынын чоң залы, Токмок шаарындагы Н.Байтемиров атындагы маданият сарайы, К.Баялинов атындагы республикалык балдар китепканасы, М.Куренкеев атындагы музыкалык училище, «Студия 247» арт-клубу болот. Фестиваль учурунда жаш музыканттар үчүн чет элдик джаз устаттарынын мастер-класстары жана фестивалдын катышуучуларынын джем-сессиясы өтөт.
Фестивалдын алкагында белгилүү музыка таануучулардын катышуусунда «Этноджаз в Центральной Азии» биринчи конференциясы өтөт. Конференциянын катышуучулары Борбордук Азиядагы джаздын өнүгүү маселелери жана келечеги боюнча талкуу жүргүзүшөт. Конференция «Этноджаз в Центральной Азии» семинарларынын логикалык улантуусу болуп саналат, бирок сапаттуу жаңы жана мазмундуу деңгээлде. 2010-2014-жылдар аралыгында 5 семинардын жыйынтыгы боюнча материалдар жыйнактары, CD-, DVD-дисктер чыгарылган.
Учурда ОФ ЦААМ «Этноджаз лабораториясы» компонентин ишке ашырууда, ал «Cultural Puzzles» чоң долбоорунун бир бөлүгү болуп, идентичностьти билдирүү, өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө жана ар кандай маданияттар арасында интеграцияны жогорулатуу, ошондой эле коомдордун бири-биринин маданияты жөнүндө маалымдуулугун жогорулатууга багытталган. Биринчи «Этноджаз лабораториясынын» жыйынтыктары 2014-жылдын апрелинде IX Эл аралык «Джаз_Бишкек_Весна» фестивалында сунушталган. Долбоорду Борбордук Азиядан он бир музыкант ишке ашырган. Борбордук фигурасы манасчы, кыргыз эпосу «Манас» айткан адам болгон. Эксперименттин жыйынтыктары массалык маалымат каражаттарында жана джаз музыкасынын күйөрмандары тарабынан оң пикирлерге ээ болгон. Юбилейный фестивалдын алкагында экинчи «Этноджаз лабораториясы» өтөт, анын координатору Россиядан белгилүү джаз музыканты Алексей Круглов. Долбоордун куратору Каныкей Мухтарова.
Билеттер 300 сомдон балкондо, 800 сомго партерде.
Билеттер филармониянын кассасында.
Тел. (312) 61-40-15, 61-40-52;
Перерыв 15.00дөн 16.00гө чейин.