III Республика аралык Кубик Рубикти тез жыйноо чемпионаты!
Кайда: ТЦ “Таш Рабат”, 1-кабат
Качан: 2015-жылдын 23-августу, жекшемби
Өткөрүү убактысы: 12.00-18.30
“Mandarino Speed Cube Contest” - бул Кубик Рубикти тез жыйноо боюнча жыл сайын өтүүчү мелдеш, ал катышуучулардын акыл-эси, интеллект деңгээли жана эмоциялары менен таң калтырат - ар бир катышуучуга колдоо көрсөтүүгө бүт үй-бүлө келет!
Өткөн жылы мелдешке Кыргызстан боюнча 50дөн ашык катышуучу катышты (Бишкек, Кант, Беловодское, Ысык-Көл облусу, Ош, Талас). Эң жаш катышуучу 8 жашта, эң улуусу 60тан ашык!!! Өткөн чемпионатта “3х3” Кубик Рубикти жыйноонун рекорду 11.26 секундду түздү!
Бул жылы мелдештер дагы да кызыктуу болот жана төмөнкү дисциплиналардан турат: Кубик Рубикти тез жыйноо, өлчөмдөрү: 2*2, 3*3, 4*4. Катышуучулар 3 жаш категориясына бөлүнөт:
10 жашка чейин
10-18 жаш
19 жаш жана улуулар.
“Mandarino Speed Cube Contest” бул жөн гана кызыктуу спорттук мелдеш эмес, ошондой эле бардык коноктордун чыгармачылык, логикалык, креативдүү жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө арналган окуя.
“Mandarino Speed Cube Contest” алкагында атайын FUN-аймак түзүлөт, анда ар бир адам Кубик Рубикти өз алдынча жыйноону үйрөнүп, биздин өнөктөштөрдүн кызыктуу жана өнүктүрүүчү конкурстарына катышып, даамдуу тамактардан баштап билим берүү борборлоруна абонементтерге чейин көптөгөн сыйлыктарды алууга мүмкүнчүлүк алат!!!
Ар кандай жаштагы балдар өнүктүрүүчү оюндар дүйнөсүнө кирип, чоңдор жакшы компанияда убакыт өткөрүшөт. Бул баары спорттук кызыгуунун атмосферасында болот, анткени мелдештерди өткөрүү учурунда ар бир жерден байкоо жүргүзүүгө болот, анткени чемпионат үчүн атайын орнотулган чоң телевизорлорго түз трансляция жүргүзүлөт.
Бардык иш-чаранын жүрүшүндө, ошондой эле, позитивдүү жана профессионалдык алып баруучу - Андрей Раевский (Sun People) тарабынан кызыктуу конкурстар өткөрүлөт, Mandarino белек дүкөнүнөн катышуучулар үчүн сыйлыктар менен, албетте;). Ал чемпионатта болуп жаткан бардык нерселерди комментарийлеп турат.
Мелдештин финалдык этаптары атайын курулган сахнада өткөрүлөт.
Музыкалык маанайды катышуучуларга таланттуу жана жаштар арасында кеңири белгилүү DJ Izvrat (Sun People) түзөт.