MOTUL компаниясы Бишкек шаардык мэриясынын жана авто-мотоспорт жана жол коопсуздугу федерациясынын колдоосу менен Кыргызстандагы автослалом боюнча ачык чемпионаттын финалдык этабына катышуу үчүн арыздарды кабыл алууну баштаганын жарыялайт.
Чемпионаттын финалы 18-октябрда саат 11:00дө Жеңиш аянтында (Фрунзе көчөсү) өтөт.
Катышуучуларды каттоо 16-октябрга чейин төмөнкү шилтеме аркылуу жүргүзүлөт: https://docs.google.com/forms/d/1KK1mQUlfoETowNv3qshzs9eCBh0hUK6v4JJl2S6XraU/edit.
Сорунга катышууга Е категориясындагы лицензиясы жана иштеп жаткан медициналык камсыздандыруусу бар адамдар допуск кылынат, камсыздандыруунун минималдуу суммасы 160 000 (бир жүз алтымыш миң) сомду түзөт.
Иш-чаранын жалпы өнөктөшү - "Шинный центр" дүкөндөр тармагы.
Иш-чаранын өнөктөштөрү - Bossini мода кийимдер дүкөнү, Кыргызстандагы Bosch авто запчасталары жана аксессуарлары, "Ямато" авто салону, НСК камсыздандыруу компаниясы.