Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / «КУЛЬДЖАКЕ» көргөзмөсү К. Н. Усубалиеванын эскерүүсүнө арналган

«КУЛЬДЖАКЕ» көргөзмөсү К. Н. Усубалиеванын эскерүүсүнө арналган

«КУЛЬДЖАКЕ» көргөзмөсү, К. Н. Усубалиеванын эскерүүсүнө арналган

9-ноябрдан баштап К. Н. Усубалиеванын (1920-2000) эскерүүсүнө арналган көргөзмө ачылды (Г. Айтиева атындагы КНМИИнин директору 1959-1985)


Көргөзмөдө Г. Айтиева атындагы КНМИИнин фондуна Усубалиева К.Н.нын чогултуу ишмердүүлүгү аркылуу келген эмгектер көрсөтүлгөн.

Бул эмгектер 60-жылдарда анын аракеттери менен алынган Орусиялык, Советтик искусствонун чыгармалары, авторлору: Б.М. Кустодиев, И.Е. Репин, М.А. Врубель, К. Коровин, В. А. Серов, И. Шишкин, К. Юон, М. П. Кончаловский.

Кийинчерээк П.Н. Филоновдун, А.Г. Тышлердин, А.Д. Древиндин, З.Е. Серебрякова, А.В. Куприна, Н.А. Удальцова жана башка сүрөтчүлөрдүн эмгектери алынган.

Музей коллекциясын толуктоо менен катар, Кульджаке Ниязалиевна музейдин түзүлүшүнө көп иштерди жасаган. Музейде живопись, графика, скульптура, ДПИ, реставрация бөлүмдөрү жана көркөм искусствону пропагандалоо бөлүмү түзүлгөн.

Жогорку кесипкөй искусствоведдер жана музей кызматкерлеринин (О. Попова, Д.М. Орешкин, А.И. Милехин, А. Молдохматова, В. Чикичев) командасында иштеп, Кульджаке Ниязалиевна музей ишин жогорку илимий-изилдөө деңгээлине көтөрдү. Традициялык колдонмо искусствонун буюмдарын сатып алуу үчүн алыскы аймактарга болгон экспедициялар музей коллекциясын уникалдуу раритеттик экспонаттар менен кеңейтти жана байытты, бул кыргыз эл чыгармачылыгынын жаркын жана көп түрдүүлүгүн көрсөтүп турат.

Анын түздөн-түз катышуусунда көптөгөн көргөзмөлөр, публикациялар жана музей басылмалары ишке ашырылган.

Музей коллекциясынын кеңейиши менен кеңири жайга муктаждык пайда болду, жана 1974-жылы коллекцияны сактоого, илимий кызматкерлердин ишине жана эл аралык музей форумдарын жана семинарларын өткөрүүгө жооп берген музей курулган.

Көргөзмө абдан кызыктуу болот деп убада кылынууда жана 2018-жылдын 9-майына чейин уланат.

Дата - 09/11/2017 - 09/05/2018
Убакыт - 10:00 - 16:00

Жер жайгашкан жери:
Кыргыз улуттук көркөм искусствосу музейи, Гапар Айтиева атындагы
Бишкек, Абдрахманова, 196
13-12-2017, 12:30
Вернуться назад