Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Веложарыш "Bike Burana" 3-май 2014-жыл

Веложарыш "Bike Burana" 3-май 2014-жыл

Велозаезд "Bike Burana" 3 мая 2014 жыл


«Bike Burana» велотур жана велогонка программасы 2014-жылдын 3-майына.

Билеттин баасы: 1500 сом

Бул жылы сиздер велотурга катышуудан тышкары, каалаган учурда 12 км аралыкка велогонкага да катыша аласыздар.

Пакетке кирет:
• Бишкектен велотурдун башталыш пунктуна жана кайра Бурана мунарасынан Бишкекке чейин катышуучунун жана анын велосипединын ташылуусу.
• Башталышта, пит-стопто жана финиште тамак-аш жана ичимдиктердин берилүүсү;
• Бурана мунарасында экскурсия
• Жол полициясы жана тез жардамдын коштоосу;
• Катышуучулардын велосипеддерин жана башка жабдыктарын оңдоо жана техникалык тейлөө үчүн техникалык колдоо тобу;
• Катышуучунун жеке номері.
• Ар бир катышуучуну кырсыктан камсыздандыруу

Катышуучу каттоодон өтүүдө каттоо формасын жана велотур менен гонка учурунда күчүндө болуучу камсыздандыруу полисин толтурууга тийиш.

Велопробегге катышуу үчүн каттоо 2014-жылдын 12-апрелинен башталып, 2014-жылдын 1-майында саат 12:00гө чейин уланат.
Каттоо жайлары:

1) Johnny pub: Токтогула/Орозбекова, тел. 89 11 11, www.pub.kg
2) Sierra Coffee: пр. Манаса 57/1 (Киевская көчөсү менен кесилишет), тел. 31 12 48, www.sierra.kg

Байланыш үчүн адам:
1) Полченкова Елена +996555509999; +996772868888;
Велотурдун расписаниеси жана жыйналыш, даярдык жана транспорттоо

8:00 Велопробегдин катышуучуларынын жыйналышы жана каттоосу.
Жыйындын жери: Эски аянт, (Американ университетинин короосу)
9:00 Баштоо пунктуна жолго чыгуу
11:00 Кара дарыяда велосипед менен старт
13:00 Манап Бий эстелигинин жанында пит-стоп, гонканын башталышы.
14:30 Бурана мунарасында финиш
Даамдуу плов; тааныштыруу экскурсиясы
16:00 Бишкекке автобустар менен чыгуу
Велосипеддер өзүнчө жүк унаасында ташылат
17:30 Бишкекке келүү

КАТЫШУУЧУЛАР ҮЧҮН МААНИЛҮҮ ЭСКЕРТҮҮ:
• Бардык катышуучулар Бишкектен чыгуучу убакта, жыйналыш жайында болушу керек;
• Бардык катышуучулар бул велопробег учурунда камсыздандырылат;
• Катышуучу өзүнүн физикалык абалы, көндүмдөрү жана маршрутту өтүү мүмкүнчүлүгү үчүн толук жоопкерчилик алат, бул анын жеке чечими боюнча;
• Катышуучу дарыгер менен кеңешип, велопробегге жана/же велогонкага катышуу мүмкүнчүлүгүн тастыктоосу керек;
• Катышуучулар велопробегге жана/же велогонкага катышуу үчүн тоо велосипеддери жана коргоочу шлемдер менен камсыз болушу керек.
• Бардык катышуучулар шлем кийиши керек;
• Бардык катышуучулар белгиленген убакта жана жерде каттоо формасын толтуруп, кол коюшу керек;
• Эч кандай мас абалдагы адамдарга иш-чарага катышууга уруксат берилбейт.
• 18 жашка толбогон катышуучулар ата-энелеринен же камкорчуларынан велопробегге жана/же велогонкага катышуу үчүн жазуу жүзүндөгү уруксатты көрсөтүшү керек.
28-04-2014, 21:40
Вернуться назад