2014-жылдын 8-сентябрынан 14-сентябрына чейин Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көлдүн жээгинде Дүйнөлүк кочмандар оюндары өтөт. Оюндарга Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Гагаузия, Азербайжан, Монголия, Россия Федерациясынын 10дон ашык субъекттери, Кытайдан спорттук делегациялар катышат. Кыргызстан, уюштуруучу катары, ар бир спорттун түрүнө эки команда чыгарат.
Дүйнөлүк кочмандар оюндарынын программасына кок-бору, тогузкоргоол, Кыргызкурошу, Алыш, Оодарыш, Ат-чабыш, Жорго-салыш, Кунанчабыш, Ордо, Кыз-куумай сыяктуу оюндар киргизилген. Ошондой эле оюндар учурунда элдик оюндар боюнча медалдар ойнолот: тыйынэнмей, кулатуу, салбуурун.
Дүйнөлүк кочмандар оюндары - Олимпиадалык, Азиялык жана Паралимпиадалык оюндардын аналогдору. Бул туристтик долбоор кочмандар элдеринин салттуу, улуттук оюндарын өнүктүрүүгө багытталган. Долбоор Кыргызстан атынан сунушталууда.
Дата: 08-СЕН-14төн 14-СЕН-14кө чейин
Шаар: Чолпон-Ата
Алгачкы Дүйнөлүк кочмандар оюндары
Өткөрүү жери: Ысык-Көлдүн жээги