
Бишкекте Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Н.В.Гоголдун пьесасы боюнча «Ревизор» спектаклынын премьерасы өтөт. «Ревизор» - беш аракеттен турган комедия. Спектакль үстүндө Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери, режиссер Замира Акылаева иштеди. Кыргыз Республикасынын эл артисти М.Токтобаев шаар башчысынын ролун аткарат, спектаклде ошондой эле Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти М.Козукеев, С.Сазаев, Ж.Жумалиева, А.Сыдыгалиева, жаш актерлор Н.Мендибаиров, К.Сарыбаев, А.Сулайманов, А.Имашова, Ж.Барманова катышат.