Бишкекте 25-майда Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрынын имаратында Кыргызстан боюнча бодибилдинг жана бодифитнес боюнча 22-чи ачык чемпионат өтөт. Бул тууралуу аталган спорттун федерациясынан билдиришти.
Иш-чаранын уюштуруучуларынын билдирүүсүнө караганда, мелдештерге Кыргызстан жана Казакстандан 50гө жакын спортчу катышат.
Эркектер арасында «жаштар», «эстелик», «ветерандар» категориялары боюнча, ал эми аялдар арасында «бодифитнес», «аялдар бодибилдинги», «мисс бикини» категориялары боюнча таймашуу өтөт.
Соревнование уюштуучуларынын айтымында, көрүүчүлөр үчүн «Мистер торс» аттуу өзгөчө конкурс пландалган.