
Бий студиясы “Wake Up Dance Studio” Бишкек шаардык мэриясынын, АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин жана “Sun People” чыгармачылык бирикмесинин колдоосу менен Бишкек шаары жана Чүй облусундагы интернаттык мекемелер арасында «Battle Skillzzz» фестивалын өткөрөт.
Өткөрүү күнү: 15.05.2014
Иш-чаранын убактысы: 10.00дөн 17.00гө чейин.
Өткөрүү жери: «Курманджан Датка» аянты
Иш-чара жыл сайын өткөрүлүп, Кыргызстандагы мыкты бийчилерди бириктирет, алар көчө бийинин ар кандай номинацияларында атаандашып жатышат. Бирок, быйыл фестиваль кеңейтилген форматта өтөт, катышуучулар чыгармачылык жана спорттук ишмердүүлүктүн ар кандай категориялары боюнча көрсөтүлөт: көчө бийлери, экстремалдуу спорттун түрлөрү, граффити жана MC бит-боксинг. Бул иш-чаранын алкагында биринчи жолу негизги катышуучулар интернаттык мекемелерден (балдар үйлөрү, интернат мектептери) жаштар болот, аларга көрсөтүлгөн ишмердүүлүктөр боюнча мастер-класстарга жана атаандашууга катышуу мүмкүнчүлүгү берилет. Фестивалдын негизги өзгөчөлүгү АКШдан келген бий тобу «Rennie Harris Puremovement” тарабынан бардык катышуучулар үчүн хип-хоп боюнча мастер-класс болот, ошондой эле америкалык сүрөтчү Габриэль Спектер жергиликтүү граффити сүрөтчүлөрү менен биргеликте иштейт.
Фестивалдын негизги бөлүгүн 6 балдар үйүнөн келген жаштардын бий командасынын атаандаштык көрсөтмө шоулары түзөт, алар Jasa.kg Эл аралык жаштар фонду тарабынан каржыланган долбоордун алкагында окутулду.
Battle Skillzzz 2014 долбоорунун максаты – балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларын бийге үйрөтүү, аларды Кыргызстандагы бий кыймылына тартуу, өзүнө болгон ишенимин жогорулатуу жана коомго ийгиликтүү интеграциялоо үчүн жеке өнүгүүсүн камсыз кылуу.
Фестивалга катышкан жалпы катышуучулардын саны: 160 адам.
Иш-чаранын программасы:
Аянттын аймагы ишмердүүлүк боюнча зонага бөлүнөт:
• зона 1: граффити /сүрөт тартуу – 10-12 адам, америкалык граффити сүрөтчү Габриэль Спектерди кошо алганда
• зона 2: скейт парк (англ. Skatepark) – скейтборд, стритборд, агрессив-роликтер, BMX велосипеддери, самокат, MTB велосипеддери менен алектенген адамдар үчүн атайын курулган аянтча.
• зона 3: бий зонасы, бул жерде бий шоу программасы, АКШдан келген бий тобу «Rennie Harris Puremovement” тарабынан мастер-класс жана 6 балдар үйүнүн өкүлдөрүн сыйлоо – 110 адам өтөт.
• зона 4: спорт зонасы, бул жерде пауэрлифтинг боюнча атаандашуу өтөт – 20 адам.
• зона 5: МС, бул жерде жаш рэперлер, бит боксчулар угулат – 20 адам.
Кыргызбаев Азамат 0555 334 334, 0772 334 334
Наталия Андреева - ТО SunPeople 0 555 37 47 73