Келечектеги туристтик сезонго байланыштуу 2014-жылдын 13-15-июнунда, Кыргыз Республикасынын согуш, эмгек, куралдуу күчтөр жана укук коргоо органдарынын ардагерлер уюму Кыргыз Республикасынын МКИТинин Туризм департаменти менен биргеликте II – Эл аралык Фестивалын өткөрөт «Ачык Ысык-Көл. Элдер арасында тынчтык, достук жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө 2014 ж.»
Бул иш-чаранын максаты – өлкөнүн имиджин эс алуу, маданий-спорттук жана бизнес иш-чараларды өткөрүү үчүн ыңгайлуу өлкө катары түзүү жана биздин Республикада жашаган элдер арасында тынчтык, достук жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө көмөктөшүү.
Бул фестивалда стандарттуу программалар болбойт, 14-15-июнга пландаштырылган бир катар кызыктуу иш-чаралар камтылган:
1. МОТО – Шоу (Семеновское ущелье, Ысык-Көл);
2. Фигуралуу башкаруу (Чолпон-Ата шаарындагы учуу аянтчасы);
3. Ат чабыш (ипподром, Бостери айылы);
4. Суу лыжасы жана вейкборд (Ысык-Көлдүн акваториясы);
5. Тасма чабыш боюнча мелдештер (Семеновское ущелье, Ысык-Көл);
6. Суу астында багытты аныктоо (Ысык-Көлдүн акваториясы);
7. Теплоход менен сейилдөө (Чолпон-Ата; теплоход «Москва»);
Фестивалдын урматтуу коноктору космонавттар:
Россия жана Кыргызстандан Шарипов Салижан Шакирович, Беларусиядан Новицкий Олег Викторович.
Казакстандан Аубакиров Т.О. жана Монголиядан Гуррагчаа Ж. жана ОДКБ өлкөлөрүнүн башка өкүлдөрү;