Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Жемиштер жана мөмөлөр фестивалы Карагат ФЕСТ

Жемиштер жана мөмөлөр фестивалы Карагат ФЕСТ

Жемиштер жана мөмөлөр фестивалы Карагат ФЕСТ


2014-жылдын 9-августунда Кызыл-Суу айылында Джети-Огуз районунда экинчи Жемиштер жана мөмөлөр фестивалы Карагат ФЕСТ өтөт. Бул жыл сайын өтүүчү жайкы жемиштер жана мөмөлөр фестивалы.

Фестивалдын максаты:

Иссык-Куль облусундагы жемиштер жана мөмөлөрдү популяризациялоо жана илгерилетүү;
Фермерлер, керектөөчүлөр жана кайра иштетүүчүлөр ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди түзүү үчүн бирдиктүү аянтча түзүү;
Питомниктерди, жылыжайларды жана заманбап сактоо пункттарын популяризациялоо;
Капельдик сугаруу системасын популяризациялоо;
Карагат жана башка жемиштерди өстүрүү боюнча кыска мөөнөттүү курстарды илгерилетүү;
Экологиялык таза жемиштер жана мөмөлөрдү өстүрүү аркылуу жергиликтүү калктын экономикалык жактан жакшырышын жогорулатуу;
Эко-туризмди өнүктүрүү;
Иссык-Куль көлүнүн түштүк жээгинин потенциалы жана көрнекулуктары менен таанышуу.

Джети-Огуз жыл сайын өтүүчү «Карагат Фест» жемиштер жана мөмөлөр фестивалынын өткөрүүчү жери болот. Экинчи жылдык фестиваль Кызыл-Суу (Покровка) райондук борборунун жанында өткөрүлөт. Фестивалга 3-4 миң турист жана жергиликтүү тургундар катышат деп пландалууда.

Иш-чара айыл чарба кайра иштетүүнүн, айрыкча жемиштер жана мөмөлөр менен алектенген фермерлердин өнүгүшүнө түрткү берет. Мурда маалымдалгандай, биринчи «Карагат Фест» фестивалы 2013-жылдын 10-августунда Иссык-Куль облусунун Тон районундагы Боконбаево айылында өттү. Көргөзмө-ярмарка жемиштер жана мөмөлөрдүн бардык спектрин көрсөтүп гана тим болбостон, фермерлер менен кайра иштетүүчүлөрдүн өндүрүштүк байланыштарын түзүү үчүн аянтча болуп калды.
17-07-2014, 18:44
Вернуться назад