Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Дүйнөлүк жазуучулар конгресси

Дүйнөлүк жазуучулар конгресси

Дүйнөлүк Жазуучулар Конгресси


29-сентябрдан 2-октябрга чейин Бишкекте Эл аралык ПЕНдин 80-жылдык юбилейлик Конгресси өтөт, же жөнөкөй тил менен айтканда – Дүйнөлүк Жазуучулар Конгресси.

Бул чечим Эл аралык ПЕН-клубунун президенти Жон Ралстон Соулдун, Борбордук Азия ПЕНинин президенти Дальмира Тилепбергенованын жана Казакстан ПЕНинин президенти Бигельды Габдуллинин жакында болгон жолугушуусунда акыркы жолу бекитилди. ПЕН-борборлорунун жетекчилери Бишкекте Конгрессти өткөрүү боюнча негизги маселелерди талкуулашты.

Орто Азияда Конгресс биринчи жолу өткөрүлүп жатат жана Кыргызстан үчүн мындай масштабдагы иш-чараны өткөрүү – чоң кадам. Күзүндө Бишкек шаарында 100дөн ашык ПЕН борборлорунан делегаттар чогулушат, бул беш континенттин жазуучулары! Жон Соулдун айтымында, «Бишкек Конгресс күндөрүндө дүйнөнүн адабий борборуна айланат».

Кыргызстанда Эл аралык ПЕН Конгрессин өткөрүү боюнча демилге Борбордук Азия ПЕН-борборунан келип чыккан, ал Бишкекте расмий катталган. Кыргызстандык жазуучулар, кабыл алуучу тарап катары, дүйнө жүзүндөгү жазуучуларды чакырышат.

Эл аралык ПЕНдин жетекчилиги Бишкекте юбилейлик 80-конгрессти өткөрүүгө макул болду, анткени бул жерде мындай иш-чаралар эч качан өткөрүлгөн эмес. Ошондой эле Бишкекте Конгрессти өткөрүүгө себеп болгон дагы бир нече факторлор бар: бул кооз табият, байыркы оозеки элдик чыгармачылык традициялары, уникалдуу эпостор, Борбордук Азиянын күчтүү заманбап адабияты жана албетте, Чингиз Айтматовдун чыгармачылыгы. ПЕН Конгресси Кыргызстанда биздин улуу жазуучубуздун эстелиги боюнча өтөт.

Келечектеги Конгресстин негизги темасы “Менин тилим, менин тагдырым, менин эркиндигим”. Ягни, Конгресс лингвистикалык укуктар, көп улуттуу чөйрөдөгү тилдик көп түрдүүлүк маселелерине көңүл бурат. Кичинекей тилдердин адабиятын которуу да чоң проблема болуп саналат. Конгрессти өткөрүүнүн максаттарынын бири – кичинекей жоголуп бараткан тилдерди колдоо жана адабий котормочулардын ролунун маанисин жогорулатуу. Бул проблема бардык жерде бар. Адамдар эл аралык маданият жөнүндө сүйлөшүшөт, бирок эгерде басмаканаларда котормочулар жок болсо, анда бул маанисиз. Ошондой эле, дүйнө жүзүндөгү жазуучулардын эркин билдирүү жана укуктары жөнүндө темалар талкууланат.

Эл аралык ПЕН-клубунун жолугушуусу кайсы бир өлкөдө болбосун, бул биринчи кезекте чоң маданий окуя жана өлкөнүн чоң PRы. Бизге келген ар бир жазуучу, журналист биздин республикабыз, анын маданияты, салттары жөнүндө жазат. Андыктан, алар биз жөнүндө жакшы жазышсын, анткени өлкө үчүн жакшы ат – бул да капитал.
Биздин жазуучуларга Конгресстин жардамы менен дүйнөлүк жазуучулар коомчулугуна кирүү мүмкүнчүлүгү пайда болот, иш-чара учурунда чет өлкөлөрдө китептерди басып чыгаруу үчүн батыштык басмаканаларды табуу мүмкүнчүлүгү болот, окурмандарынын чөйрөсүн кеңейтүү мүмкүнчүлүгү болот.

Жалпысынан, Конгресс жазуучуларды, анын ичинде жаңы баштагандарды, ошондой эле окурмандарды тартат. Анткени, адабияттын келечеги жаш, жаңы жазуучуларсыз элестетүү мүмкүн эмес. Ошондой эле, заманбап адабият окурмансыз кандай болот? Жаңы баштаган жазуучулар үчүн Конгресс – бул өз таланттарын билдирүү жана бекемдөө үчүн бир түрдөгү чөйрө, аянтча.
18-07-2014, 12:55
Вернуться назад