Сентябрь айынын башталышына белгиленген Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык 70 пайызга аякталды. Азыр катышуучу өлкөлөрдүн тизмеси бекитилип жатат. Ошондой эле, чоң спорттук иш-чараны өткөрүүгө тартылган мекемелерде ар кандай семинарлар жана тренингдер өтүүдө. Алардын жүрүшүндө коопсуздукту камсыздоо, Ысык-Көл районуна көрктөндүрүү жана башка маселелер талкууланууда.