Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Футболдук турнир «Мен-адам!»

Футболдук турнир «Мен-адам!»

Футбольный турнир «Я-Человек!»


16-августта Кыргызстандын Футбол Федерациясынын талааларында «Мен-адам!» футбол турнири өтөт!

Турнир Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнүн программасынын бир бөлүгү болуп саналат, ал БУУнун Кыргыз Республикасындагы Волонтерлор программасы, Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги, Кыргызстандын Футбол Федерациясы жана башка уюмдар менен биргеликте өткөрүлөт.

Иш-чаралардын негизги максаты психикалык оорулу адамдарга карата стигманы жана психикалык бузулуулары бар жаштарга карата дискриминацияны жоюу болуп саналат, бул үчүн биргелешкен акцияларды, анын ичинде спорттук мүнөздөгү иш-чараларды өткөрүү пландалууда.

ФФКР бул иш-чарага катышуу сунушуна кубаныч менен жооп берди, анткени футбол — бул ар кандай расадан, улуттан жана динден адамдарды бириктирүүчү каражат. Спорт аркылуу команда, колдоо, боорукердик жана башка түшүнүктөр келет.

16-августта саат 10:00дө ФЦнын аймагында мини-футбол турнири ачылат. Турнирге 8 команда катышат:

1) “Ат-Башы Буллс” командасы,

2) “MegaCom” командасы,

3) “UN House” командасы,

4) “Международники” командасы,

5) “Шоу бизнес” командасы,

6) “ТОП.KG” командасы,

7) “ЭЛТР” командасы,

8) “AKIpress” командасы
15-08-2014, 16:07
Вернуться назад