Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Кокос аралдары (Килинг)

Кокос аралдары (Килинг)

Кокосовые (Килинг) острова

КООС (КИЛИНГ) АРАЛДАРЫ


Индий океанында жайгашкан, 2 атолдон (27 кичинекей маржан аралдары, алардын ичинен болгону 3 аралда жашоо бар) турат.

Эң чоң аралдары - Уэст жана Хоум (Австралиянын Перта шаарынан 2768 км түндүк-батышта). Океанияга таандык.

Территориясы — 14,2 км2. Административдик борбору Уэст (Батыш аралында) жайгашкан. Калкы - 900 адам (2004-жыл), негизинен малайлыктар. Калктын дээрлик баары Австралиянын жарандары. Расмий тил - англис тили; малай тили кеңири таралган. Дин: калктын көбү - суннит мусулмандары. Валюта - австралиялык доллар.

Расмий австралиялык өкүл - администратор тарабынан башкарылат. Жергиликтүү башкаруу маселелери боюнча Аралдар Кеңеши иштейт.

Англис капитаны У. Килинг тарабынан 1609-жылы изилденген. Аралдардагы биринчи туруктуу отурукташуу 1826—27-жылдары негизделген. 1857-жылы Улуу Британия тарабынан аннексияланган, ал эми 1878-жылы Цейлон британ колониясынын башкаруусуна өткөрүлгөн. 1903-жылы Сингапур колониясына киргизилген. 1955-жылдын ноябрь айында Австралиянын башкаруусуна өткөрүлгөн. 1984-жылдын 6-апрелиндеги референдумда аралдардын тургундары Австралияга формалдуу кошулууну колдошкон. 1984-жылдын декабрь айында БУУнун ГА сессиясында аралдардын элинин чечимин бекиткен резолюция кабыл алынган.

Экономиканын негизги булагы - кокос пальмасын өстүрүү, копра өндүрүү жана экспорттоо. Уэст аралында Австралия менен байланыш камсыз кылган аэропорт иштейт.
9-04-2018, 22:35
Вернуться назад