Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Республика Палау

Республика Палау

Палау Республикасы

ПАЛАУ. Палау Республикасы


Океаниядагы, Каролин аралдары тобундагы архипелагда жайгашкан мамлекет (эң чоң арал - Бабелтуап - 367 км2). Аймак - 508 км2. Башкала - Корор аралында (11,5 миң). Калкы - 21 миң (2004-ж.), негизинен белау (палау). Расмий тилдер - белау (палау) жана англис тили. Дин - католиктер жана протестанттар. Валюта - АКШ доллары.

Улуттук майрам - 1-октябрь - Эгемендүүлүк күнү (1994).

Палау Республикасы 1947-93-жылдары АКШнын башкаруусунда болгон, 1993-жылдын ноябрынан тартып - АКШ менен "эркин ассоциацияланган" мамлекет, мөөнөтү 50 жыл. 1-январь 1994-жылы эгемендүүлүгүн жарыялаган (АКШнын көзөмөлү токтотулган); тарыхый маалыматтар - Маршаллов аралдарына караңыз. 1981-жылдын 1-январынан тартып конституция иштейт. Мамлекеттин жана өкмөттүн башчысы - 4 жылга эл тарабынан шайлануучу президент (Т. Ременгесау). Закон чыгаруу органы - Улуттук конгресс, ал эки палатадан турат: сенат (14 сенатор, аралдык аймактардын калкына пропорционалдуу 8 жылга дайындалат) жана делегаттар палатасы (16 делегат, эл тарабынан шайланат). Өз алдынча башкаруу бар (АКШнын башкаруусунда - коргоо, финансылар, тышкы иштер). БУУнун мүчөсү (1994-жылдан бери).

Палауда кокос пальмаларынын көптүгү бар. Калкы тропикалык айыл чарбачылыгы, балык уулоону менен алектенет. Чет элдик туризм маанилүү орунду ээлейт.

Корор аралында өкмөттүк ай сайынгы журнал жана гезит англис жана жергиликтүү тилдерде чыгат. 2 телеканал (Корор аралында) жана радиоберүү компаниясы иштейт.
3-05-2018, 20:22
Вернуться назад