Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Рождество Острову

Рождество Острову

Рождества Остров

РОЖДЕСТВА ОСТРОВ


Океанияда, Индия океанынын түштүк-чыгыш бөлүгүндө, Перга (Австралия) шаарынан 2623 км түндүк-батышта жана Ява аралынан 360 км алыстыкта жайгашкан. Аймактын аянты - 135 км2. Калкы - 1,5 миң (2004 ж.), негизинен кытай жана малай тектүү. Расмий тил - англис тили.

Европалыктар аралга 1615-жылы киришкен. 1888-жылы расмий түрдө Улуу Британиянын менчиги деп жарыяланган, ошол жылы (фосфат кендери табылган соң) биринчи отурукташуу негизделген. 1958-жылга чейин Сингапурдагы британ бийлигине баш ийген. 1958-жылдын 1-январында арал Австралиянын башкаруусуна өткөрүлгөн.

Австралия өкмөтүн өкүлдөгөн администратор тарабынан башкарылат. Администратор менен бирге Консультативдик кеңеш бар. Экономиканын негизги булагы - фосфаттарды казып алуу.

Жергиликтүү радио жана телевидение иштейт.

10-05-2018, 22:16
Вернуться назад