СВЯТОЙ ЕЛЕНЫ АРАЛЫ
Улуу Британиянын ээлиги, Түштүк Атлантика океанында, Африканын түштүк-батыш жээгинен 1900 км алыстыкта жайгашкан. Анын курамына Святой Елены аралы менен бирге административдик жактан Вознесения аралы, Тристан-да-Кунья аралы жана 5 элсиз арал кирет. Жалпы аянты - 0,4 миң км2 (Святой Елены аралынын аянты - 122 км2, Тристан-да-Кунья аралы - 209 км2). Административдик борбору - Джеймстаун (1,5 миң). Калкы - 7,6 миң (2004-ж.), анын ичинде Святой Елены аралы - 6 миң, Вознесения аралы - 1,35 миң; англис колонисттеринин тукумдары, креолдор, африкандыктар жана кытайлыктар. Расмий тил - англис тили. Дин - христиандык; ишенимдүүлөрдүн көбү англикандык чиркөөгө таандык. Акча бирдиги - фунт стерлинг.
1989-жылдагы конституцияга ылайык, Святой Елены аралында бийлик Улуу Британиянын королевасынын өкүлү генерал-губернатор тарабынан жүргүзүлөт, ага Закондорду кабыл алуу жана Аткаруу кеңеши жардам берет.
Закондорду кабыл алуу кеңеши спикерден, 3 дайындалган мүчөдөн (башкы министр, казначей жана башкы прокурор) жана жалпы шайлоолордо шайланган 12 мүчөдөн турат. Аткаруу кеңеши губернаторду (кеңештин президенти), 3 дайындалган мүчөнү жана кеңештин ар кандай комитеттеринин өкүлдөрүн камтыйт. Губернатор - М. Клэнси (2004-жылдан бери).
Саясий партиялар жок. Профсоюздук бирикме - Святой Елены аралынын Жалпы жумушчулар союзу.
Португалиялыктар аралга 1502-жылдын 21-майында, Святой Еленанын күнү киришкен, ошондуктан анын аты ушундан келип чыккан. Арал үчүн Улуу Британия менен Нидерланддардын ортосунда күрөш жүрдү. 1659-жылы Святой Елены аралы акырындап Улуу Британияга өттү, ал аны аскердик база жана Индияга бараткан соода кемелерин суу жана азык-түлүк менен камсыздоо пункту катары колдонду. 1815-жылы Наполеон Бонапарт бул жакка сүргүнгө жөнөтүлүп, 1821-жылы ушул жерде каза болду. Суэц каналы ачылган соң аралдын мааниси төмөндөдү. 1942-жылы Улуу Британиянын макулдугу менен АКШ Вознесения аралында өз аскердик-аба базасын жайгаштырды, андан кийин спутниктерди көзөмөлдөө жана Флоридадан чыгарылган ракеталарды сыноо станциясын куруу үчүн. 1966-жылы англис радиорелейдик станциясы ачылды. 1982-жылы Вознесения аралы Англиянын аскердик флоту үчүн жүк өткөрүү пункту жана камсыздоо базасы катары колдонулду, ал Аргентинага каршы Фолкленд (Мальвин) аралдарында жүргөн операцияларга катышкан.
Калк айыл чарба жана балык уулоону менен алектенет. Картөшкө, жашылча, дан эгиндери өстүрүлөт. Аралда 1 миңден ашык ири мүйүздүү мал, 3 миңдей кой жана эчки, 300дөн ашык мул, 600гө жакын чочко бар. Святой Елены аралында балык уулоо 300 тоннадан ашат. Тристан-да-Кунья аралында омар балыгын уулоо 350 тоннаны түзөт. Азыктардын көбү импорттолгон.
Автожолдор - 100 кмден ашык. Аралдарда 2 миң автоунаа бар. Сыртка соода Улуу Британия жана Түштүк Африка менен гана жүргүзүлөт.
Ички дүң продукциясы - 12 млн фунт стерлинг (1998-ж.). 2002-жылы импорт - 30 млн фунт стерлинг, экспорт - 12 млн фунт стерлинг (АКШ, Танзания, Индонезия, Испания, Япония).
«Ньюс ревью» аттуу жума сайын чыккан гезит бар. Өкмөттүк радиоберүү кызматы иштейт.