Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Токелау аралдары

Токелау аралдары

Токелау аралдары

ТОКЕЛАУ


Океаниядагы аралдар, Тынч океандын борборунда (атоллдор - Атафу, Нукуноно жана Факаофо). Жалпы аймагы - 10,12 км2. Башкаруу борбору - Факаофо атоллунда (ч. 700 адам). Калкы - 1,5 миң (2004 ж.), негизинен полинезийликтер. Расмий тил - англис тили. Валюта - Жаңы Зеландия доллары жана Токелау сувенир монетасы.

Аралдар 1765-жылы англичан Дж. Байрон тарабынан ачылган. 1925-жылы Улуу Британия Токелау аралдарын, 1877-жылдан бери анын протекторатына кирген, Жаңы Зеландиянын башкаруусуна өткөрүп берген. 1948-жылы алар расмий түрдө Жаңы Зеландиянын курамына «өзүн-өзү башкарбаган Жаңы Зеландия аймагы» катары киргизилген.

1977-жылы өзүн-өзү башкаруу статусун алган. Токелауну башкаруу боюнча административдик полномочияларга Жаңы Зеландиянын тышкы иштер министрине түздөн-түз жооп берчү атайын дайындалган администратор (Н. Уолтер) ээ, анын кеңсеси Самоада жайгашкан.

Жергиликтүү бийлик органдары - 3 жылга жалпы добуш берүү менен шайланган улуулар кеңеши. Башкы башкаруу органы - Генералдык фон (ар бир атоллдун улуулар кеңеши тарабынан 3 жылга шайланат).

Токелаунун экономикасынын негизги булагы - балык уулоо, чочко багуу, кокос пальмасын өстүрүү жана копра өндүрүү.

Жаңы Зеландия, Австралия жана БУУ тарабынан экономикалык жардамдын мааниси чоң, ошондой эле Жаңы Зеландияда иштеген токелаундуктар тарабынан жөнөтүлгөн акча которуулар.

Ар бир атоллдун өз радиостанциялары бар.
3-06-2018, 12:12
Вернуться назад