Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Тувалу мамлекет

Тувалу мамлекет

Тувалу мамлекет

ТУВАЛУ


Океаниядагы мамлекет, Тынч океандын түштүк-батыш бөлүгүндө (9 Тувалу аралдарын камтыйт; 1975-жылга чейин Эллис аралдары деп аталган), Полинезияда. Жалпы аймагы - 25,9 км2. Башкалаасы - Фунафути - Фунафути атоллунда (ч. 3 миң). Административдик бөлүнүшү - 8 аралдык кеңеш. Калкы - 9,6 миң (2004-жыл), негизинен тувалу (полинезиялыктар). Расмий тилдер - англис жана тувалуан тили. Дин: калктын көпчүлүгү - протестанттар - конгрегационалисттер. Валюта - Тувалу доллары.

Улуттук майрам - 1-октябрь - Эгемендүүлүк күнү (1978-жыл).

Тувалу - Содружествонун курамындагы мамлекет. 1978-жылдагы конституцияга ылайык, мамлекеттин башчысы - Улуу Британиянын королевасы, өлкөдө генерал-губернатор (Ф. Телито) тарабынан көрсөтүлөт. Закон чыгаруу бийлиги бир палаталуу парламентке (12 депутат) таандык, ал калк тарабынан 4 жылдык мөөнөткө шайланат. Аткаруу бийлиги премьер-министр М. Тоафа башчылык кылган өкмөт тарабынан ишке ашырылат.

Европалыктар арасында аралдарга биринчи болуп испан деңиз саякатчысы А. Менданья де Нейра 1568-жылы келген. 1892-жылдан тартып Эллис аралдары Гилберт аралдары менен бирге протекторат болуп, андан кийин 1916-жылдан тартып Улуу Британиянын колониясы болуп калды. Референдумдун натыйжасында (1974-жыл) Эллис аралдарынын көпчүлүк калкы Гилберт аралдарынан бөлүнүүнү колдоду. Жаңы аймак Тувалу деп аталды.

1. 1975-жылы Тувалу өзүнчө британ колониясы болду. 1.10.1978-жылы мамлекеттин эгемендүүлүгү жарыяланды.

Ички дүң продукт - 15 млн доллар, АКШ.

Экономиканын негизги булагы - кокос өндүрүү, балык уулоо. Жеңил өнөр жайы боюнча ишканалар бар. Негизги соода өнөктөштөр: Фиджи, Жаңы Зеландия жана Австралия.
4-06-2018, 21:24
Вернуться назад