Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Танцуй, танцуй!

Танцуй, танцуй!

Кыргызстанда биринчи жолу Индиянын «Natya STEM Dance Kampni» шоу-балети өзүнүн бий программасын сунуштады. Концерт Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын чоң залында Индиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин колдоосу менен өттү. Зал толуп, бул Индиянын маданияты биздин өлкөдө кандай баалуу экендигинин дагы бир далили болду.

Танцуй, танцуй!


Артисттер жергиликтүү көрүүчүлөр үчүн оригиналдуу жана жаңы багыттагы contemporary, тактап айтканда - заманбап сахна бийин сунушташты, ал ар кандай багыттар жана техникаларды камтыйт. Анткени «Natya STEM» динамикалык жана лирикалык чыгармалары менен белгилүү, ал традициялык жана заманбап бий багыттарынын уникалдуу балансын көрсөтөт.

Бийчилер сахнага көтөрүлмөкчү болгонго чейин, жыйынга чогулган элге Индиянын Кыргыз Республикасындагы Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу элчиси Джаянт Кхобрагаде Намдерао саламдашуу сөзүн айтты.

- Биринчиден, Улуттук филармониянын жетекчилигине жана Кыргыз Республикасындагы Маданият жана туризм министрлигине, ошондой эле Индиянын маданий байланыштар боюнча кеңешине ыраазычылык билдиргим келет. Кыргызстанда индия маданияты жогору бааланат, ал ар тараптуу жана бул «Болливуд» менен чектелбейт. Бул беш миң жылдык тарых. Кыргызстанда Индиядан келген ар кандай аткаруучулар жана бийчилердин концерттери көп өткөрүлөт. Бирок бүгүнкү иш-чараны тарыхый деп эсептесе болот, анткени эки өлкөнүн маданий мамилелери тарыхында мындай престиждүү жана чоң залда концерт биринчи жолу өтүп жатат, - деп белгиледи элчи.

Индиядан келген коноктордун бийлери жергиликтүү көрүүчүлөрдү таң калтырды. Залдагы адамдар сахнада болуп жаткан магиялуу аракеттерден көздөрүн ала алышпады, анткени аларда согуш өнөрлөрүнүн, хатха-йоганын жана заманбап бий багыттарынын элементтери айкалышкан.
22-10-2015, 22:00
Вернуться назад