Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Кыргызстандык Александр Зеличенко Улуу Британиядагы адабий конкурста сыйлык алган орунду ээледи

Кыргызстандык Александр Зеличенко Улуу Британиядагы адабий конкурста сыйлык алган орунду ээледи

Кыргызстандык Александр Зеличенко Улуу Британияда өткөн адабий конкурста сыйлык алган
Кыргызстандык жазуучу, милиция полковниги Александр Зеличенко 2015-жылдын 6-9-ноябрында Лондондо өткөн «Open Eurasia and Central Asia book forum and literature festival» адабий конкурстун экинчи орунун алды.

Зеличенко сыйлыкты «The Snake Pit» («Змеиная яма») аттуу эмгеги үчүн алды. Бул тууралуу Лондондогу фестивалдын Борбордук Азиядагы өкүлү Жибек Бейшеналиева билдирди. Ошондой эле, бул конкурста Кыргызстандан дагы эки өкүл сыйлыкка ээ болду. «Перевод» категориясында үчүнчү орунду Алекс Сидоре алды. «Иллюстрация» категориясында Анастасия Ермолина үчүнчү орунду ээледи.

Фестивалга 28 өлкөдөн 800дөн ашык катышуучу катышканын белгилеп кетели. Адабий конкурстун финалисттерин искусство, көркөм адабият жана басма иши боюнча авторитеттүү адистерден турган атайын комиссия тандап алды.

Эскерте кетсек, 2015-жылдын башында Канадада Александр Зеличенконун «Сыворотка правды» аттуу китеби жарык көргөн.

Маалымат ИА:

Александр Зеличенко – детектив жазуучу, милиция полковниги, тарых илимдеринин кандидаты. Журналисттер союзунун, Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү. 30 жылдан ашык убакыттан бери чыгармаларын жарыялап келет. Наркокриминал, терроризм, мыйзамсыз миграция темасында детективдер, публицистика жазат. Кыргызстандан, Казакстандан, Украинадан, Россиядан, АКШдан, Израилден, Улуу Британиядан жана башка бир катар өлкөлөрдөн орус, кыргыз, англис, серб жана поляк тилдеринде жарыяланган. «Наркоэкспансия» (1997), «История афганской наркоэкспансии» (2003), «Косовский дневник» (2003), «Детектив без названия» (2006), «Heroin: Formula 1» (2008), «Диверсант из Мургаба» (2010), «Анаша для мятежа» (2013), «Сорок лет под присягой» (2014) аттуу китептердин автору.
19-11-2015, 12:09
Вернуться назад