
Сюжеттин негизинде – князь Зигфрид менен жаман жомокчу тарабынан жамандыкка кабылгандан кийин ак куу кыз Одеттага болгон сүйүү тууралуу эски легенда. Орус композитору Петр Ильич Чайковский тарабынан музыкага салынган сүйүү тарыхы, 100 жылдан ашуун убакыт бою сахнада жашап, орус классикалык хореографиясынын дүйнөлүк деңгээлде таанылган шедеври болуп калды. Балеттеги башкы партияларды адатта труппанын мыкты бийчилери аткарат. Бул эреженин кыргыз сахнасында да күчүндө. Мисалы, 1949-жылы «Лебединое озеро» биринчи жолу коюлган учурда, Одетта-Одиллия жана князь Зигфрид партияларын СССРдин эл артисти Бибисара Бейшеналиева жана республикабыздын эл артисти Уран Сарбагишев бийлешкен. Балеттин сценографиясын ошол учурда белгилүү театралдык сүрөтчү, СССРдин эл сүрөтчүсү Анатолий Арефьев ишке ашырган. 1965-жылы Мариус Петипа, Лев Иванов жана Михаил Мессерердин хореографиясында балеттин экинчи редакциясы сунушталган, ал соңку жарым кылымда балетти көргөн көрүүчүлөргө тааныш.
Үчүнчү редакциясында, коюучу сүрөтчү катары КРнын эл сүрөтчүсү Макен Сыдыкбаев, костюм дизайнери катары Кубандык Омуров, балеттин күйөрмандары көп жаңы нерселерди көрүшөт: декорациялардан жана костюмдардан тартып, хореографияга жана мурда аткарылбаган партитуранын беттерине чейин. Премьера күндөрүндө сахнага жаш артисттер чыгат: Мадина Минжилкиева, Айжамал Абдрахманова (Одетта-Одиллия), Эл аралык конкурстардын лауреаты Марат Сыдыков, жана Талгат Бейшекеев (князь Зигфрид), Элес Арыков, Саади Иманкулов, Айбек Темиралиев (Шут), республикабыздын эмгек сиңирген артисти Досмат Садыркулов, Александр Брюханов (Жаман Гений).
Балеттин премьерасы 31-январда жана 6-февралда 2016-жылы болот.
Касса телефону: 0(312) 66-18-41