Кыргызстандын расмий символу «ЭКСПО-Милан 2015» эл аралык көргөзмөсүндө, 1-31-октябрь аралыгында өтө турган, кичинекей кар барысы болот. Бул тууралуу Кыргызстандын «ЭКСПО-Милан-2015» эл аралык көргөзмөсүнө катышуу боюнча уюштуруу комитетинин жыйынында көргөзмөнүн контрофицери Тимур Воинов билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандын ЭКСПО-2015 көргөзмөсүнө катышуусу өлкө үчүн чоң пиар болуп саналат.
«Бул иш-чара - Кыргызстан үчүн чоң пиар. Анткени бүгүнкү күндө интернетте же башка жерлерде мурунку ошондой көргөзмөлөрдүн видеолору пайда болуп жатат. Алар бүгүнкү күндө да чоң көрүүлөрдү топтоодо. Эгер биз бардыгын туура өткөрсөк, биздин видеолор дүйнө жүзүнө тарап, ошону менен дүйнөдө биздин өлкө жөнүндө билген адамдардын саны көбөйөт. Бул көргөзмө - ошондой эле өлкөгө туристтерди тартуу үчүн чоң мүмкүнчүлүк», - деди ал.
Текст: Салтанат Абдраева