
Ысык-Көл районунда Кырчын капчыгайында субботник өткөрүлүп, 3 тоннадан ашык таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирет.
Ведомстводон билдиришкендей, субботникке Семенов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү активинен 300дөн ашык адам, лесхоздун өкүлдөрү, Семенов айыл өкмөтүнүн балдар үйүнүн кызматкерлери жана ушул райондун жаштары катышкан. Техника аркылуу 3 тоннадан ашык таштанды чыгарылган.
Мамлекеттик органдар Кочевниктердин Дүйнөлүк оюндарынан кийинки күнү Кырчын капчыгайында этногородок уюштуруп, субботник өткөрүшкөн.
Бирок, жаан-чачындуу аба ырайынын кесепетинен субботникке катышуучулар бардык таштандыны тазалай алышкан эмес, бүгүн Кырчын капчыгайында кайрадан субботник уюштурулуп, 300дөн ашык адам катышты.
Булак: focus.kg