
Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк министрлигинин дан экспертиза борбору Кыргызстандагы ун заводдорунда мамлекеттик резервдеги азык-түлүк буудайдын сапатын текшерүүдө. Бул жогорку технологиялык нан бышыруу сапаттарына ээ дан партиясын түзүү үчүн керек. Учурда кызматкерлер ОАО «Талас-Дан-Азык», ОАО «Бишкекмелькомбинат», ОАО «Кара-Суу-Дан-Азык» жана ОАО «Кант-Дан-Азык» ун заводдорунда буудайдын сапатын текшеришти. Натижада, түшүмдүн сапаты бардык нормаларга жооп берери аныкталды. Буудайлардын жылуу эмес, ден соолук абалында – чириген, солоддуу жана чет элдик жыттарсыз экендиги белгиленди. Ошондой эле, дан сактоочу жайларда жана силосдордо дан зыянкечтери табылган жок. Дандардын сактоосу түшүм жылына, келип чыгышына жана класстарына жараша уюштурулган. Мамлекеттик резервдеги данды сактоо боюнча бардык шарттар ун комбинаттары тарабынан «Дан жана анын кайра иштетүү продуктулары менен операцияларды эсепке алуу жана документтештирүү тартиби» боюнча 9-1 нускамасына ылайык сакталууда.
Клейковинанын сапаты айрым учурларда нан сапаты үчүн чечүүчү мааниге ээ, анткени товарлык дандагы анын өзгөрүшү аз эмес, ал тургай көбүрөөк. Республикадагы дыйкан жана фермер чарбаларында жаңы түшүм буудайды даярдоо учурунда клейковинанын мазмунуна жараша данга баа коюу максатка ылайыктуу. Мамлекеттик стандарт ГОСТ 9353-90 «Буудайлардын. Даярдоо жана жеткирүү талаптары» боюнча жумшак буудайдын алты классы белгиленген – жогорку, 1, 2, 3, 4, 5 класстар. Жогорку класстагы буудайда клейковина 36% дан кем эмес болушу керек, 1-класс – 32% дан кем эмес, 2-класс – 28% дан кем эмес, 3-класс – 23% дан кем эмес, 4-класс – 18% дан кем эмес, 5-класс – чектелбейт.
Дан экспертиза борборунун кызматкерлери тарабынан буудайдын сапатын текшерүү учурунда республика боюнча негизинен 4-класстагы дан, 3-класс 20-25 пайызды түзүп, 1-2 класстар - 3-5 пайызды түзгөндүгү аныкталды. Жогорку класстагы дан Чүй өрөөнүндө жана Ысык-Көл районундагы семхоздордо бөлүнүп көрсөтүлгөн. Клейковинанын мазмуну Чүй өрөөнүндө республикадагы башка региондорго караганда жогору экендигин белгилөө керек.
Дан сапатын жакшыртууга, биринчи кезекте күчтүү буудай өндүрүшүн кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Күчтүү буудайлар жакшыртуучулар болуп саналат, ун чоң көлөмдөгү нанды гана эмес, ошондой эле жакшы нан бышыруу сапатын түзөт. Күчтүү буудайда клейковина – 28% дан жогору, биринчи группа. Орто нан бышыруу күчүндөгү дан 23-27% клейковина, экинчи группа. Орто буудайлар жакшы нан бышыруу касиеттери бар ун берет, бирок ал алсыз буудайдын унун жакшыртпайт. Алсыз буудайлар ун берет, анын нанында кичинекей көлөм жана начар физикалык касиеттер (тесто жабысып калат) клейковинанын мазмуну 23% дан төмөн.
Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк министрлигинин маалымат кызматы