Түнкү жана күндүзгү аба температурасынын төмөндөшү күтүлүүдө
Шейшемби, 13-мартта, республика боюнча көпчүлүк жерлерде мезгил-мезгили менен жаан жаайт, тоолуу аймактарда кар күтүлүүдө, деп билдирет Кыргызгидромет.
Тоолуу жолдордо кар катмары жана тайгактык сакталууда. Шамал батыштан, 4-9 метр секундга, кээ бир жерлерде 15-20 метрге чейин күчөйт.
Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 1-6 градус жылуу, күндүз +7…+12.
Талас облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз 7-12 градус жылуу болот деп болжолдонууда.
Нарын облусунда түнкүсүн 0…–5, күндүз 1-6 градус "плюс" менен.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн –1…+4, күндүз 5-10 градус жылуу.
Бишкек жана Ошто түнкү температура +3…+5, күндүз +9…+11 градус болот.
2
0 0